Akchabarsearch
Быйыл январда Кыргызстанга 220 млн доллардан ашуун акча которуу түштү

Жарыяланган

2026-17-03, 11:13

Быйыл январда Кыргызстанга 220 млн доллардан ашуун акча которуу түштү

Быйылкы жылдын январь айында Кыргызстанга келген акча которуулардын жалпы көлөмү 220,3 миллион доллардытүздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акча каражаттарынын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн. Тактап айтканда, бул багыттан 205,7 миллион доллар которулган. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын көлөмү 14,6 миллион долларды түзгөн.

Ошол эле учурда, январь айынын аягына карата Кыргызстандан сыртка чыгарылган акча которуулардын жалпы суммасы 17,7 миллион доллар болду. Анын ичинен 16,3 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлсө, 1,4 миллион доллар алыскы чет мамлекеттерге которулган.


Тектеш материалды окуу