Akchabarsearch
Кыргызстанга февраль айында чет өлкөлөрдөн 224.2 млн доллар акча которулган

Жарыяланган

2026-22-04, 17:14

Кыргызстанга февраль айында чет өлкөлөрдөн 224.2 млн доллар акча которулган

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулардын көлөмү 224.2 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн келип, 208.2 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет мамлекеттерден 16 млн доллар көлөмүндө акча которуулар түшкөн.

Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө да акча жөнөтүлгөн. Февраль айынын аягына карата сыртка чыккан акча которуулардын жалпы көлөмү 18.9 млн доллар болгон.

Анын ичинен 17.2 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1.7 млн доллары алыскы чет мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
 


Тектеш материалды окуу