Akchabarsearch
Быйыл мартта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 255.2 млн долларды түздү

Жарыяланган

2026-10-06, 11:35

Быйыл мартта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 255.2 млн долларды түздү

2026-жылдын март айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 255.2 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 235.5 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар  19.7 млн доллар болгон. 

Ал эми быйыл март айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 23 млн долларды түздү. Анын 21 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1.9 млн доллары  алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
 


Тектеш материалды окуу