
Жарыяланган
2026-12-11, 15:152026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 274.1 млн доллар акча которулду. Анын 249.5 млн доллары Россиядан түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Ал эми Кыргызстан тараптан чет өлкөлөргө 9.4 млн доллар которулган.
КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга жалпысынан 250.8 млн доллар түшкөн. Анын 249.5 млн доллары Россиядан, 200 миң доллары Казакстандан, дагы 1.2 млн доллары КМШнын башка өлкөлөрүнөн которулган.
Ошол эле учурда Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнө 3.3 млн доллар жөнөтүлгөн. Бул каражаттын дээрлик бардыгы Россияга туура келет.
Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн Кыргызстанга 23.3 млн доллар түшкөн. Анын ичинен эң көп акча АКШдан — 19.1 млн доллар которулган. Түркиядан 1.9 млн доллар, башка өлкөлөрдөн 2.2 млн доллар түшкөн.
Ошол эле учурда Кыргызстандан АКШга 1.3 млн доллар, Түркияга 3.9 млн доллар жана башка өлкөлөргө 900 миң доллар которулган.
Белгилей кетсек, сентябрда Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн акча бул өлкөдөн Кыргызстанга түшкөн каражаттан 2 млн долларга көп болгон.



