Akchabarsearch
Россиядан акча которууларды алуу жеңилдеди: «Бай-Түшүм» Банкы жаңы кызматты ишке киргизди

Жарыяланган

2026-03-07, 16:00

Россиядан акча которууларды алуу жеңилдеди: «Бай-Түшүм» Банкы жаңы кызматты ишке киргизди

«Бай-Түшүм» Банкы BTB мобилдик банкингинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Россиядан акча которууларды уюлдук телефондун номери аркылуу алуу кызматын ишке киргизди. Эми кардарлар акча жөнөтүүчүгө банктык реквизиттерди бербей эле, уюлдук телефон номерин көрсөтсө жетиштүү.

Акча которуулар Sendy жана «Мир привилегий» тиркемелери аркылуу жүргүзүлөт. Жөнөтүүчү Кыргызстанды тандап, алуучунун телефон номерин, которула турган сумманы жана «Бай-Түшүм» Банкын көрсөтөт. Акча рубль менен жөнөтүлүп, алуучунун эсебине автоматтык түрдө кыргыз сому менен түшөт.

Жаңы кызматтын аркасында банктык реквизиттерди киргизүүнүн же банк бөлүмүнө баруунун зарылдыгы жок. Каражат түздөн-түз кардардын эсебине түшөт. Которуу үчүн комиссияны жөнөтүүчү төлөйт.

Банктан билдиришкендей, бул кызмат санариптик финансылык тейлөөнү өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болуп саналат. Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы акча которууларды BTB мобилдик банкинги аркылуу тезирээк, ыңгайлуураак жана коопсуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 


Тектеш материалды окуу