Akchabarsearch
Он айда кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 322 млн доллардан ашык акча которушкан

Жарыяланган

2025-22-12, 13:30

Он айда кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 322 млн доллардан ашык акча которушкан

Быйыл он айдын ичинде кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 322 млн доллардан ашык акча которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Эң көп каражат август айында жөнөтүлүп, анын көлөмү 45.3 млн долларды түзгөн. Сентябрда акча агымы 33.3 млн долларга, ал эми октябрда 32.5 млн долларга чейин кыскарган. Бирок жалпы которуулар жыл башындагы деңгээлден жогору бойдон калган.

Жалпы сумманын негизги бөлүгү Россияга багытталып, он айда бул өлкөгө 293 млн доллар которулган. Ошондой эле Казакстанга 2.6 млн доллар, Түркияга 25.2 млн доллар, АКШга 700 миң доллар жана Түштүк Кореяга 600 миң доллар жөнөтүлгөн.

Сыртка кеткен акча көбөйгөнүнө карабастан, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген каражат андан кыйла көп. Акыркы эсептөөлөргө ылайык, сырттан келген жана сыртка чыккан акчанын айырмасы 2.6 млрд долларды түзгөн.
 


Тектеш материалды окуу