Akchabarsearch
Быйыл январда пенсия төлөөгө 9.2 млрд сомдон ашык акча сарпталды

Жарыяланган

2026-06-02, 13:15

Быйыл январда пенсия төлөөгө 9.2 млрд сомдон ашык акча сарпталды

Быйылкы жылдын биринчи айында пенсия төлөөгө 9 млрд 245.2 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. 

Маалым болгондой, былтыркы жылдын январь айына караганда быйылкысында пенсия берүүгө 630 млн сомдон бир аз ашыгыраак акча кеткен. 2025-жылдын январында 8 млрд 615.1 млн сом сарпталган.

Пенсия төлөөгө жумшалган акча (аймактар боюнча караганда, 2026-жылдын январь айы):

  • Бишкек: 1 млрд 730.6 млн сом
  • Чүй облусу: 1 млрд 227.3 млн сом
  • Нарын облусу: 695.2 млн сом
  • Ысык-Көл облусу: 823 млн сомдон ашыгыраак акча
  • Талас облусу: 375.7 млн сом
  • Ош шаары: 420.3 млн сом
  • Ош облусу: 1 млрд 604.2 млн сом
  • Баткен облусу: 786.5 млн сом
  • Жалал-Абад облусу: 1 млрд 582.2 млн сом

Тектеш материалды окуу