akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-17-02, 10:10

    Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууга өтүү боюнча тренинг баштайт

    Бүгүнтөн тарта Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окууга өтүү боюнча тренинг баштайт.

    Ведомстводон билдиришкендей, окууга менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тартылды.

    Окуу бекитилген график боюнча өткөрүлөт. Анын жыйынтыгында ар бир мектеп ата-энелер чогулушун өткөрүп, жаңылануулар тууралуу маалымат беришет. 

     

     


    Тектеш материалды окуу