akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-12-05, 16:30

    Билим берүү министрлиги менен Кыргызпатенттин ордуна эки министрлик түзүлдү

    Кыргызстанда Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Президент кол койгон жарлыкка ылайык, бул эки министрлик Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) базасында түзүлдү. 

    Агартуу министрлигине бала бакча, мектеп, лицей жана коллежддер карайт. Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жай, илим, инновация жана интеллектуалдык менчик багытына жооптуу болот. 

    Ошондой эле президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.


    Тектеш материалды окуу