akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-12-05, 17:10

    Жаңы түзүлгөн Агартуу министрлигин жана Илим министрлигин кимдер жетектей турганы белгилүү болду

    Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу, Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

    Эскертке кетсек, буга чейин президент Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын бири – Агартуу министрлиги бала бакча, лицей жана коллежддерди караса, экинчиси – Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жай, илим,  инновация жана интеллектуалдык менчик багытына жооптуу болот. 

    Буга чейин, 2023-жылдын сентябрь айынан бери Билим берүү жана илим министрлигин Догдуркүл Кендирбаева жетектеп келе жаткан. 

    Бактияр Орозов мындан мурда билим берүү министринин биринчи орун басары, юстиция министринин орун басары кызматтарын ээлеген.


    Тектеш материалды окуу