Akchabarsearch
Былтыр Ош облусунда 450 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 7.5 млрд сом жумшалды

Жарыяланган

2026-18-05, 18:01

Былтыр Ош облусунда 450 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 7.5 млрд сом жумшалды

2025-жылы Ош облусунда 450 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул иштерге болжол менен 7.5 млрд сом бөлүнгөн.

Ошондой эле ал быйыл дагы 500 чакырым жолду оңдоо пландалганын айтты.

Мындан тышкары, 2026-жылы аймактагы жол иштерине 8 млрд сомдон ашык каражат бөлүү каралууда. 
 


Тектеш материалды окуу