Akchabarsearch
Ошто жаңы айланма жол салынып, 10.6 чакырым жол реконструкцияланат
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-21-04, 17:57

Ошто жаңы айланма жол салынып, 10.6 чакырым жол реконструкцияланат

Ош шаарында жалпы узундугу 10.6 чакырымды түзгөн Б.Осмонов көчөсү жаңыланып, жаңы айланма жол курулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, реконструкция Барсбек айлампасынан Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыкта жүрүп жатат. Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда.

Биринчи этапта Касымбеков көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки 5 чакырым жол оңдолуп, май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Калган бөлүгү жыл соңуна чейин толук бүткөрүлөт.

Долбоордун алкагында Айтиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулуп, жаңы базарга жана борбордук базарга жетүүнү жеңилдеткен альтернативдүү жолдор түзүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу