
Жарыяланган
2026-07-07, 18:00Быйыл Чүй облусунун Панфилов районунда жалпы 30 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө пландалган. Учурда анын 17 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Атап айтканда:
• Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымы;
• Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырымы;
• Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырымы жаңыланды.
Учурда Панфилов – Мяссовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, министрликтин көзөмөлүндө уланууда.



