Жарыяланган
2025-01-09, 10:45Былтыр туризмди өнүктүрүү үчүн чыгарылган товарлар 2.7 млрд сомго, же 2023-жылга караганда 1.2%га аз өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул сувенирлерди чыгаруу 43%га, ал эми минералдык сууларды өндүрүү 9%га кыскарганы менен байланыштуу.
Бирок, бир катар улуттук товарлар боюнча өсүү байкалган. 2023-жылга салыштырмалуу улуттук килемдер жана калпактарды өндүрүү – 1.9 эсеге, боз үйлөр – 1.6 эсеге, ошондой эле шахмат, нарды жана кычкыл сүт ичимдиктери – 1.4 эсеге өскөн.