Akchabarsearch
Кыргызстанда туризм тармагындагы ишкерлерге 3.5% менен күрөөсүз насыя берүү пландалууда

Жарыяланган

2026-25-11, 15:30

Кыргызстанда туризм тармагындагы ишкерлерге 3.5% менен күрөөсүз насыя берүү пландалууда

Кыргызстанда туристтик бизнести жылдык 3.5%дан 7%га чейинки үстөк менен жеңилдетилген насыялоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштелип чыгууда. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, учурда чакан жана орто бизнеске берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 1%га жетпеген бөлүгү туризм тармагына туура келет. Туризмдин сезондук мүнөзүнө байланыштуу 12–20%дык насыялар ишкерлер үчүн оорчулук жаратууда.

Жаңы программанын алкагында насыяларды төмөнкү шарттарда берүү каралууда:

 •  3.5% — бизнесин жаңы баштаган ишкерлерге күрөөсүз;
 •  5% — тазалоочу курулмаларды курууга;
 •  7% — иштеп жаткан бизнестин жүгүртүү каражаттарын толуктоого.

Насыя берүүдө туризм тармагында иштеген аялдарга жана 40 жашка чейинки жаштарга өзгөчө көңүл бурулат.

Учурда Каржы министрлиги менен биргеликте Азия өнүктүрүү банкынан 100 млн доллар тартуу боюнча иштер аяктоо алдында турат. Бул каражаттын жарымын, башкача айтканда, 50 млн долларын туризм тармагын өнүктүрүүгө багыттоо пландалууда.

Каражат туристтик объектилерди жана жайгаштыруу жайларын өнүктүрүүгө, тазалоочу курулмаларды курууга, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, ошондой эле ишкерлерди колдоого жумшалат.
 


Тектеш материалды окуу