Akchabarsearch
    Биринчи жарым жылдыкта 462 млн доллардан ашуун чет элдик инвестиция тартылды
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-04-11, 17:25

    Биринчи жарым жылдыкта 462 млн доллардан ашуун чет элдик инвестиция тартылды

    Ушул жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га көбөйүп, жалпы көрсөткүч 462,2 млн долларга жетти. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талантбек Иманов билдирди.

    Маалыматка ылайык, Кыргызстанга инвестициялардын келүүсү боюнча КМШдан тышкаркы өлкөлөр басымдуулук кылып, анын көлөмү 150,6 млн долларды түздү.

    "КМШдан тышкаркы мамлекеттерден келген инвестициялардын көлөмү 280,4 млн долларды түзөт. Негизги инвестициялар Кытай, Түркия жана Нидерландия сыяктуу узак мөөнөттүү долбоорлорго жана стратегиялык өнөктөштүккө активдүү кызыккан өлкөлөрдөн келди", - деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле КМШ өлкөлөрү инвестицияны 181,8 млн долларга камсыздап, бул өткөн жылга салыштырмалуу 37,5%га көп болгон КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан менен тыгыз экономикалык байланышта болгон Орусия мамлекети лидерлик кылганы белгиленди.

    Биринчи жарым жылдыкта инвестициянын эң көп агымы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына багытталып, ага 229,3 млн доллар тартылган (жалпы агылып кирүү 49,6%).

    Андан кийин 96,6 млн доллар менен Чүй облусу (20,9%) жана 65,8 млн доллар менен Жалал-Абад облусу (14,2%) турат. Бул аймактарда инфраструктура өнүккөн жана инвестициялык потенциалы жогору экени, ал эми Нарын жана Талас облустары жалпы агымдын 1%дан азын түзүп, инвестициялык климатты жана бизнес шарттарын жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.


    Тектеш материалды окуу