Жарыяланган
2025-11-03, 14:02Кыргызстанда орточо айлык 39 миң 342 сомду түздү. Ушул жылдын январь айына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 17 пайызга өстү.
Маянанын көбөйүшү курулуш, маалымат жана байланыш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, мейманкана жана ресторандар ишкердүүлүгү тармактарында катталды.