akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-01-05, 16:49

    Кыргызстанда 2010-жылы эң аз маяна 500 сом болсо, былтыр 2534 сомду түздү

    Кыргызстанда эң аз айлык маяна былтыр 2 миң 534 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

    Өлкөдө 14 жылда орточо номиналдык маяна 5,2 эсе өскөн (чакан ишканаларды эсепке албаганда). 2010-жылы ал 7 миң 189 сомду түзсө, 2024-жылы 37 миң 361 сом болгон. 

    Эң аз маяна 2010-жылы 500 сом болсо, арадан 14 жыл өткөндөн кийин 2 миң 534 сомду түзгөн. 

    Ошондой эле орточо жашоо минимуму 14 жыл мурун 3 миң 502.6 сомду түзсө, былтыр 7 миң 963.7 сомго гана жеткен. 

    Орточо пенсия 2010-жылы 2 миң 814 сом, 2024-жылы 10 миң 598 сом болгон. 


    Тектеш материалды окуу