Akchabarsearch
Бишкек-Кара-Балта жолундагы 12 мыйзамсыз делген соода жайы демонтаждалды

Жарыяланган

2026-20-02, 10:13

Бишкек-Кара-Балта жолундагы 12 мыйзамсыз делген соода жайы демонтаждалды

Бишкек-Кара-Балта жолундагы мыйзамсыз делген соода жайы демонтаждалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Москва районунун аймагындагы тилкесинде мыйзамсыз деп табылган 12 убактылуу соода жайы жана жеңил типтеги курулуш объекттери демонтаждалды.

Буга чейин объектилердин ээлерине ээлеген аймакты иретке келтирүү жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Чүй облусу боюнча курулуш объектилериндеги иштин жүрушүн жана сапатын көзөмөлдөө иштерин мындан ары да туруктуу негизде улантат. 


Тектеш материалды окуу