Akchabarsearch
Кара-Балтада абадагы азот кош кычкылы нормадан дээрлик төрт эсе көп чыкты

Жарыяланган

2026-13-08, 10:25

Кара-Балтада абадагы азот кош кычкылы нормадан дээрлик төрт эсе көп чыкты

Кара-Балта шаарынын айрым аймактарында абанын курамындагы азот кош кычкылынын деңгээли нормадан жогору экени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тургундардын кайрылууларынан кийин Кара-Балта шаарында жана Ново-Николаевка айылында атмосфералык абага мониторинг жүргүзүлгөн.

Кара-Балтанын 40 лет Киргизии көчөсүндө азот кош кычкылынын концентрациясы белгиленген чектен 3.9 эсе, ал эми Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүндө 1.9 эсе жогору болгон.

Калган текшерилген аймактарда абадагы зыяндуу заттардын көлөмү белгиленген чектен ашкан эмес.

Изилдөөнүн жыйынтыктары тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
 


Тектеш материалды окуу