
Жарыяланган
2026-27-03, 11:32Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, транзиттик потенциалды жогорулатуу, ошондой эле жол инфраструктурасынын коопсуздугу жана сапатын жакшыртуу багытындагы Кара-Балта – Чалдовар унаажолун реконструкциялоо долбоорун талкуулашты.
Долбоордун учурдагы абалы, координациялоо маселелери жана натыйжалуу ишке ашыруу кадамдарына өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар туруктуу жана коопсуз транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

