Akchabarsearch
Бишкек: Ленин районунун көчөлөрү 201.7 млн сомго оңдолот

Жарыяланган

2026-12-03, 15:40

Бишкек: Ленин районунун көчөлөрү 201.7 млн сомго оңдолот

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы бир нече көчөнү оңдоо үчүн тендер жарыялады. Жолдорду оңдоо иштерине жалпы 201 млн 692 миң 778 сом каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:

•    Адышев көчөсү — Гагарин көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин,
•    Лущихин көчөсү — Толстой көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин,
•    Ак-Шоокум көчөсү — Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейин,
•    Осмонов көчөсү — Гагарин көчөсүнөн М. Алыбаев көчөсүнө чейин,
•    Үркөр көчөсү — Толстой көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин.

Тендерге катышууну каалагандар 25-мартка чейин арыздарын тапшыра алышат. Жеңүүчү компания аныкталгандан кийин келишим түзүлүп, жол оңдоо иштери 60 күндүн ичинде бүткөрүлүшү талап кылынат.

Тендерге катышкан компанияларда жол куруу боюнча тиешелүү лицензиясы, керектүү техника жана адистери болушу керек. Мындан тышкары, компания буга чейин ушуга окшош жол куруу же оңдоо иштерин аткарган тажрыйбага ээ болуп, салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жок болушу шарт.

Ошондой эле колдонулуучу курулуш материалдарынын сапатын  тастыктаган сертификаттары болушу талап кылынат.

Келишимдин шарттарына ылайык, объект толугу менен бүткөрүлүп тапшырылгандан кийин жолдорго 3 жылдык кепилдик берилет. Эгерде кепилдик мөөнөтүндө кандайдыр бир кемчиликтер аныкталса, компания аларды 5 күндүн ичинде оңдоп берүүгө милдеттүү.

 

 


Тектеш материалды окуу

  • Бишкек: Ленин районунун көчөлөрү 201.7 млн сомго оңдолот

    Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык администрациясы бир нече көчөнү оңдоо үчүн тендер жарыялады. Жолдорду оңдоо иштерине жалпы 201 млн 692 миң 778 сом каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
    2026-12-03 09:40:47
  • Баткен облусуна 43 даана жол техникалары тапшырылды

    Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна жол куруу жана тейлөө үчүн 43 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
    2026-11-02 11:15:06
  • Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери башталат

    Бүгүнтөн тарта Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери башталат. Мэрия маалыматына ылайык, буга байланыштуу Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов — Буденный тилкеси түштүк тараптан унаа кыймылына жабык болот
    2025-25-03 05:08:12