
Жарыяланган
2026-11-02, 17:15Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна жол куруу жана тейлөө үчүн 43 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальт-бетон заводу орнотулду. Бул иштер “Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Иш-чарага Япониянын элчиси Хирано Рюити, JICAнын өкүлү Нишигато Котаро, Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев, президенттин Баткендеги өкүлү Айбек Шаменов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.
Министрлик белгилегендей, асфальт-бетон заводунун ишке кириши жана жаңы техникалар жол куруу жана оңдоо иштерин тез жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт.



