Akchabarsearch
Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери башталат
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-25-03, 11:08

Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери башталат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери башталат. Мэрия маалыматына ылайык, буга байланыштуу Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов — Буденный тилкеси түштүк тараптан унаа кыймылына жабык болот.

Андан тышкары, Жаш Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин тосулат.

Ремонттук иштер ошондой эле Медеров көчөсүндө, тактап айтканда анын 7-апрель — Юнусалиев бөлүгүндө жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу