Akchabarsearch
Бишкекте 3 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирип, 285 жумуш орду түзүлөт
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-26-08, 12:09

Бишкекте 3 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирип, 285 жумуш орду түзүлөт

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы – 2026" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан 3 жаңы өндүрүш объектиси ишке кирүүгө даярдалып жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев ишканалардын даярдыгы менен таанышты.

Алардын бири – "КыргызТрансформатор" ЖЧКсы. Ишканада жылына 1 миң күч трансформаторун чыгаруу пландалууда. Өндүрүш ишке киргенде 50гө чейин жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары, "Полибетон" ААКтын кошумча кулинардык цехинин даярдыгы 95 пайызга жетти. Анда даяр тамак, нан-кондитердик жана башка азыктар өндүрүлүп, 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Ал эми "Флагман компани" ЖЧКсы жылына 6 миң тонна металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгара турган заводду ишке киргизүүгө даярданууда. Объекттин даярдыгы 98%ды түзүп, 35 жумуш орду түзүлөт.

Мэр долбоорлордо жакшы динамика бар экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
   
 


Тектеш материалды окуу