Akchabarsearch
Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталышка бириктирилди

Жарыяланган

2026-26-08, 11:50

Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталышка бириктирилди

Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталышка бириктирилди. Бул административдик-аймактык реформадан кийин көчөлөрдүн кайталанган аталыштарын жоюу жана бир багытта жайгашкан, бирок ар башка аталыштагы көчөлөрдү иретке келтирүү максатында жасалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Бул боюнча Бишкек шаардык кеңеши 2026-жылдын 31-майында №89 токтом кабыл алган.

Токтомго ылайык, төмөнкү көчөлөр жана проспекттер бир аталышка келтирилди:

  • Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспекттери — Чүй проспектиси;
  • 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү — Курманжан Датка көчөсү;
  • Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспекттери, Кайыков көчөсү — Аалы Токомбаев проспектиси;
  • Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — Абсамат Масалиев көчөсү;
  • Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү — Шабдан Баатыр көчөсү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектиси;
  • Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
  • Селекционная жана Муромская көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;
  • Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;
  • Жибек Жолу жана Жеңиш проспекттери — Жибек Жолу проспектиси;
  • Максим Горький жана Анкара көчөлөрү — Анкара көчөсү;
  • Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү — Карыбек Тыналиев көчөсү;
  • Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрү — Жусуп Абдрахманов көчөсү;
  • Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрү — Дэн Сяопин көчөсү;
  • Исхак Раззаков көчөсү (Новопавловка) жана Асипа Темирова көчөсү — Анварбек Чортеков көчөсү;
  • Виноградная көчөсү — Лев Толстой көчөсү;
  • Николай Гоголь көчөсү (Новопавловка) — Чалагыз Иманкулов көчөсү;
  • Ленская жана Юбилейная көчөлөрү — Жайыл Баатыр көчөсү.

Учурда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалы жаңы аталыштарга ылайык дарек номерлерин өзгөртүү иштерин аяктап жатат.

Бул иштер бүткөндөн кийин мэрия жаңы көчө белгилерин орнотот. Ошондой эле коммуналдык кызматтардын жана коомдук транспорттун маалыматтары жаңыртылат.

Мындан тышкары, даректердин реестри мамлекеттик маалыматтык системалар жана маалымат базалары менен интеграцияланат. Өзгөртүлгөн даректер тууралуу маалымат 2ГИС жана Яндекс Карталар сервистерине да берилет.

Мэрия көчөлөрдүн жашоочуларына даректердин өзгөрүшү тууралуу маалымат берүү боюнча техникалык жана уюштуруучулук иштерди да жүргүзөт.


Тектеш материалды окуу