Жарыяланган
2025-30-06, 17:46Бишкек менен Чүйдө 62 гектар айдоо жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, Бишкекте М. Горький жана Ф. Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 4.7 гектар жана Чүйдүн Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 57.3 гектар жер мамлекетке кайтарылган.
"Учурда УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз өткөрүлүп, менчиктештирилип кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта.