Жарыяланган
2025-30-06, 18:12Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун 2030-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.
Аталган жолдун көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы 304 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын 40%ы тоннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат: 27 тоннель, 41 көпүрө курулат.
Темир жолду курууга 4 млрд 700 млн доллар сарпталат.
"Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол. Ошол себептүү, курулуш иштеринин жүрүшүндө маселелер жаралбашы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алып, президенттин администрациясына киргизип турууну тапшырам", – дейт Төрөбаев.