Akchabarsearch
    Ташиевдин уулунун атын жамынып алдамчылык кылган деген жаран кармалды

    Жарыяланган

    2025-30-06, 16:04

    Ташиевдин уулунун атын жамынып алдамчылык кылган деген жаран кармалды

    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

    Маалыматка ылайык, С.А. аттуу жаран УКМК төрагасынын уулу жакындан тааныш экенин айтып, атайын кызматтын төрагасы менен жолугушууга, Silk-Way индустриялык паркынан бир нече  соода түйүн сатып алуу маселесин чечип берүүгө кол кабыш кылам деп 50 миң доллар, анын ичинде 20 долларлык унаага ээлик кылып алган. 

    Шектүү камакка алынган.


    Тектеш материалды окуу