Akchabarsearch
Бишкек мэри жол курулуштарынын жүрүшүн текшерди

Жарыяланган

2025-04-09, 16:34

Бишкек мэри жол курулуштарынын жүрүшүн текшерди

Бүгүн, 4-сентябрда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр  Гоголь көчөсүнөн Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки  жерде  асфальт алмаштыруу жана тротуар даярдоо иштери, Курманжан Датка көчөсүндө асфальт төшөө, Калинин көчөсүндө тротуар орнотуу жана жол негизин салуу иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ошондой эле Ауэзов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы көпүрө курулуп , учурда анын тирөөчтөрү орнотулуп жатат. Ауэзов көчөсүндө Анкарадан Сухэ Батор көчөсүнө чейинки 3.6 чакырым жол толук оңдолот.

Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери уланууда. Аталган тилкеде «Бишкексууканал» тарабынан эски түтүктөр алмаштырылып жатат. Ы.Абдрахманов менен Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде 1.2 чакырым жол оңдолууда. Ошондой эле, Киргизия-1 жана Ынтымак конуштарында дагы 8 көчө реконструкцияланууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы жөө адамдар көп жүргөн аймактарга өзгөчө көңүл бурууну, тротуар туурасы 3 метрден кем болбошу керектигин, унаа токтотуучу жайларды уюштурууну жана жашылдандыруу иштерин эске алууну тапшырды. Ошондой эле, имарат фасаддарын жана жол жээгиндеги аймактарды ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
 


Тектеш материалды окуу