Akchabarsearch
Бишкек мэриясына 95 жаңы автобус жана 42 атайын техника тапшырылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-12-02, 14:06

Бишкек мэриясына 95 жаңы автобус жана 42 атайын техника тапшырылды

Бүгүн, 12-февралда Бишкек мэриясына 95 жаңы автобус жана 42 даана атайын техниканын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Ачкыч тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы маанилүү кадам экенин белгиледи. 

Касымалиевдин айтымында, акыркы жылдары борбордо экологияны жакшыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү багытында бир катар иштер аткарылды.

Тактап айтканда, шаарда 17 миңден ашык дарак отургузулуп, жашыл аймактар кеңейтилди. Ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн завод ишке кирди. Мындан тышкары, жаңы бала бакчалар, мектептер жана жер алдындагы өтмөктөр курулду.

Маалыматка ылайык, Yutong маркасындагы 12 метрлик заманбап автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында алынган. Ал эми бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган 42 даана атайын техниканын ичинде авариялык кызматтык унаалар, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 унаалары жана башка техникалар кирет.


Тектеш материалды окуу