Akchabarsearch
Бишкекте жол эрежесин бузгандарды видео менен каттоо үчүн автобустарга камераларды орнотуу пландалууда

Жарыяланган

2026-19-02, 15:39

Бишкекте жол эрежесин бузгандарды видео менен каттоо үчүн автобустарга камераларды орнотуу пландалууда

Бишкек шаарында жол эрежесин бузгандарды видео менен каттоо үчүн автобустарга камераларды орнотуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жол боюнча кеңештин отурумунда Бишкек шаарынын МККБ башчысы Борборбек Ташматов билдирди.

Анын айтымында, автобустун айдоочулары өздөрүнүн жумушун аткаруу менен биргеликте, камерага жол эрежесин бузгандар катталат.

Бул иш “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жүрүгүлөт. Жол эрежесин бузгандардын үйүнө айып пул тууралуу кат жөнөтүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бузган айдоочунун же автоунаанын номерин жарандар тарабынан сүрөткө тартып жөнөтүү кооптуу болуп жатканын айтты. Ал азыркы учурда жасалма интелект аркылуу башка номерди көрсөтүп коюу коркунучу бар экенин белгиледи.


Тектеш материалды окуу