Akchabarsearch
Бишкек Муниципалдык инспекциясы 62 млн сомдон ашык айып пул салды

Жарыяланган

2025-08-09, 18:00

Бишкек Муниципалдык инспекциясы 62 млн сомдон ашык айып пул салды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы январь-август айларында шаардагы тазалык жана тартип эрежелерин сактоо боюнча көзөмөл иштерин жүргүзүп, 7 миң 892 мыйзам бузуу фактысын аныктап, 62 млн сомдон ашык айып пул салган.

Инспекторлор тарабынан 920 рейд, 484 нөөмөт өткөрүлүп, 23 миң 698 ишкана жана уюм текшерилди. Эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, мыйзам бузгандарга чара көрүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамдарды түшүндүрүү жана бузуу фактыларын жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, көзөмөл жүргүзүлдү. Инспекция шаардагы тартипти, санитардык абалды камсыз кылуу иштерин улантууда.
 


Тектеш материалды окуу