Жарыяланган
2025-21-08, 10:13Оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү да болгон. Ошондой эле, алар шаар ичиндеги жолдорду булгап, же талкалаган учурлар да катталган.
Буга байланыштуу, аталган башкармалык оор жана кооптуу жүктөрдү (күйүүчү-майлоочу материалдарды, жардыргыч заттарды, кысылган, суюлтулган, тез күйүүчү, уулуу, радиоактивдүү жана башка заттарды) ташыган транспорт каражаттарына карата "Кооптуу жүк" жана “Оор жүк” рейддик иш-чара жүргүзүүдө.
Рейд быйыл 13-августтан тарта өткөрүлүп, жалпысынан 97 млн.973 миң 000 сом айып пул салынды.
Учурда текшерүү иштери уланууда.