Akchabarsearch
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таш кулап, жол жабылды

Жарыяланган

2026-09-03, 09:23

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таш кулап, жол жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо бетинен таштар кулап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.


Тектеш материалды окуу