
Жарыяланган
2026-16-02, 12:23Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин бул кызматты Абсаттар Сыргабаев аркалап келген.



