
Жарыяланган
2026-16-02, 12:12Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, ал 2024-жылдан баштап аталган кызматты аркалап келген.
Анын ордуна Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.



