Akchabarsearch
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүүдө

Жарыяланган

2026-18-03, 10:16

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүүдө

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди. 

Маматалиев Тургунбаевден кызматын өз каалоосу менен тапшыруу тууралуу арызы келип түшкөнүн айтты. 

Эми анын арызы парламенттин тармактык комитетинде, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. 

Эскерте кетсек, Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрага кызматын 2024-жылдын июнь айынан бери ээлеп келе жаткан.


Тектеш материалды окуу