
Жарыяланган
2026-11-03, 13:02Бишкек-Ош унаа жолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.
Белгилей кетсек, 11- март, таңкы саат 6:50 дɵ Бишкек-Ош автожолунун 224 чакырымында Ала –бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн.
Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган.



