Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-06-09, 15:39

Бишкек – Ош унаа жолунда көзөмөлдү эми дрондор жүргүзөт

Бишкек – Ош унаа жолунда көзөмөлдү эми дрондор асмандан жүргүзөт. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассада жүрүүдө айдоочулардын басымдуусу ылдамдыкты ашырып жүрүшөт.

Бул өлүм менен коштолгон кырсыктарга алып келет. Андыктан, жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүп, Бишкек – Ош унаа жолунда ылдамдыкты ашырган айдоочуларды аныктоо үчүн дрондор кое берилди.


Тектеш материалды окуу