Akchabarsearch
Кыргызстанда камерасы бар дрондор сөзсүз түрдө  каттоого  алынышы керек

Жарыяланган

2026-27-10, 12:09

Кыргызстанда камерасы бар дрондор сөзсүз түрдө каттоого алынышы керек

Кыргызстанда камерасы бар дрондорду көлөмүнө карабастан каттоодон өткөрүү талап кылынат. Ошондой эле алардын ээлери дронду башкаруу жана учуруу коопсуздугу боюнча окуудан өтүп, сертификат алышы керек. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү Данияр Бостонов «Акчабарга» билдирди.

Анын айтымында, окуу учурунда дрон ээлерине кайсы жерлерде учурууга уруксат берилери жана кайсы аймактарда тыюу салынганы түшүндүрүлөт.

Бостонов белгилегендей, дрондорду көзөмөлсүз колдонуу адамдардын коопсуздугуна, жеке жашоосуна жана авиация тармагына коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондуктан аларды колдонуу так эрежелер менен жөнгө салынышы керек.

Кыргызстан дрондорду колдонуу боюнча эл аралык эрежелерди иштеп чыккан JARUS уюмуна мүчө. Бул уюмда ар кайсы өлкөлөрдүн адистери дрондорду коопсуз пайдалануу боюнча бирдиктүү талаптарды иштеп чыгышат.

Бостоновдун айтымында, Кыргызстанда дрондорду колдонуу боюнча тиешелүү эрежелер кабыл алынган. Учурда аларды жакшыртуу иштери уланууда.

Ал белгилегендей, негизги максат — дрондорду колдонууга ашыкча чектөө киргизүү эмес, алардын мыйзамдуу жана коопсуз пайдаланылышын камсыз кылуу.


Тектеш материалды окуу