Akchabarsearch
Бишкек – Ош жолундагы жаңы тоннелди курууга даярдык башталды

Жарыяланган

2026-14-04, 17:38

Бишкек – Ош жолундагы жаңы тоннелди курууга даярдык башталды

Бишкек – Ош жолундагы жаңы тоннелди курууга даярдык башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Тоннель Бишкек – Ош жолунун 400,1 – 400,8-чакырымдарында жайгашат. 

Учурда жеринде бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулууда. Ошондой эле атайын техникалар жана башка керектүү жабдуулар жеткирилип жатат.

Тоннелдин узундугу 750 метр болсо, быйылкы жылдын аягына чейин 250 метр тоннель казуу пландалууда. 

Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч орнотулат. 

Курулуш былтыр июнь айында расмий башталган. Долбоор боюнча, 2028-жылдын аягына чейин бүткөрүү каралган. 

Эске салсак, аталган тоннель Транспорт министрлигинин жана Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат. 
 


Тектеш материалды окуу