
Жарыяланган
2026-14-04, 18:06Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Министрлик билдиргендей, көчмө зоопаркты иштеткендерде жапайы жаныбарларга тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.
Бул жапары жаныбардар каяктан алынып келгени такталганга чейин алар «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилген..
Көчмө зоопарктан алынган жапайы жаныбарлардын тизмеси:
1. Африка арстаны – бирөө
2. Карышкыр – төртөө
3. Канада карышкыры – бирөө
4. Күрөң аюу – бирөө
5. Маймыл (мартышка) – бирөө
6. Чоң үкү – бирөө
7. Кенгуру – бирөө
8. Чөө – үчөө
9. Эму – бирөө
10. Эки өркөчтүү төө – бирөө
11. Кара жору – бирөө
Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүүдө.



