Akchabarsearch
Бишкек шаарындагы 0.64 га өндүрүштүк база мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-09-02, 14:01

Бишкек шаарындагы 0.64 га өндүрүштүк база мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарында, Т. Фрунзе көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан өндүрүштүк базаны мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

1988-жылы «Кыргызкурулуш» акционердик коомунун турак жай кеңсесинин базасында «Айбол» ЖЧКсы түзүлгөн. Ага мамлекет 0.64 гектар жерди жана өндүрүштүк базаны менчиктештирүү жолу менен өткөрүп берген. 

Башында компания турак үйлөрдү тейлөө менен алектенүүгө милдеттендирилген, жана негиздөөчүлөр мүлктүн багытын өзгөртүүгө же аны сатууга укуксуз болушкан.

Бирок 2010-жылдан тартып компаниянын коммуналдык ишмердүүлүгү кыскарып, мүлк коммерциялык максатта колдонулган. Ишкананы көзөмөлдөө Д.Б.га өткөн — ал учурда КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон. Бул процесс Д.Б.нын апасы Р.З. аркылуу жүргүзүлгөн, ал «Айбол» ЖЧКсынын директору болуп дайындалган.

Тергөө учурунда Д.Б. мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганын моюнуна алып, өндүрүштүк базаны, цехтерди, кампаларды жана 0.64 гектар жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп берген.

 


Тектеш материалды окуу