
Жарыяланган
2026-17-09, 13:00«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасында кыш мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Азыркы тапта ал жакта жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө.
«Бекитилген графикке ылайык, казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды», - деп айтылат маалыматта.



