Akchabarsearch
Жети айда Кыргызстанга 2 млрд сомдон ашык акчага помидор импорттолду

Жарыяланган

2026-17-09, 13:57

Жети айда Кыргызстанга 2 млрд сомдон ашык акчага помидор импорттолду

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 2 млрд 61.4 млн сомго помидор импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

Жети айда Кыргызстанга 25.7 миң тонна помидор ташып келинген. 

Ал Кыргызстанга Түркмөнстан (12.7 мин тонна), Өзбекстан (8.1 мин тонна), Кытай (4.8 миң тонна), Казакстан (107.1 тонна) жана Ирандан (24.1 тонна) импорттолгон.

2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 21.3 миң тонна помидор сатып келинген. 
 


Тектеш материалды окуу