
Жарыяланган
2026-17-09, 16:262026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 212.1 млн сомго капуста импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жети айда Кыргызстанга 8.3 миң тонна капуста импорттолгон. Капустанын көбү бизге Өзбекстан (7 миң тонна) менен Кытайдын ташып келинген.
2025-жылдын жети айына караганда быйылкысында капустанын импорту 992.7 тоннага азайган. Былтыр январь-июль айларында Кыргызстанга 9.3 миң тоннадай капуста сатып келинген.



