Akchabarsearch
    «Бишкекбашкыархитектуранын» адиси 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

    Жарыяланган

    2025-13-06, 18:39

    «Бишкекбашкыархитектуранын» адиси 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

    «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин Инженердик-техникалык корутундулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (Ж.Р.) пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Маалыматка ылайык, ал бир аялдан (Б.К.) шаар мэриясынан ижарага алынган жердин багытына өзгөртүү киргизүү маселесин оң жакка чечип берүү үчүн 3 миң доллар пара талап кылып, анын бир бөлүгүн алган деп шектелүүдө. 


    Тектеш материалды окуу