Akchabarsearch
    Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча жолуна асфальт төшөлүүдө

    Жарыяланган

    2025-13-06, 16:06

    Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча жолуна асфальт төшөлүүдө

    Ош облусунун Ноокат районундагы Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 

    Асфальт жолдун 18-23-чакырымдар аралыгына басылууда. Жумуштар министрликтин №37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. 

    "Белгилей кетсек, быйыл Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына ылайык аткарылып, кыймылды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу