Жарыяланган
2025-13-06, 15:05Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 1-июлдан тарта 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
"Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан", - деп айтылат маалыматта.